Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын тоо баштарында тосоттор курулуп, айрымдары жаңыртылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы айрым айылдарда жылкы тосотторун уюштуруу колго алынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Күз жакындап калгандыктан, жайлоодогу жылкылар жакага түшүүдө. Мындан улам дыйкандарды чыгымга учуратпоонун алдын алуу максатында мал аша турчу ашууларды тосмолоо иштерди башталды.

Баетов айыл аймагына караштуу Орто-Сырт жайлоосунун Кароо чөлкөмүндөгү мал өтө турчу жерлер тосулуп, оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Терек айылынын Ак-Таш жайлоосунун мал өтө турчу жерлери тосулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Учурда Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Арпа жайлоосунан бери аша турчу белди, тактап айтканда 300 метр жерди тосмолоого аракеттер көрүлүп жатат.

Тоголок Молдо айыл аймагында жайлоодон мал түшүп келчү капчыгайлардагы мурунку эски тосотторду оңдоо, жаңы жерлерге тосотторду куруу иштери башталды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE