Пример HTML-страницы

Ак-Талаада вулкан атылган аймак кайсы жерде жайгашкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында тарыхка бай, эң кооз жайлоолордун бири Кашка-Суу тууралуу аймактык кабарчы маалымат топтоду.

Кашка-Суу — ак кайыңдар, тал, бийик карагайлар, жайылып өскөн арчалар, түркүн-түстүү гүлдөр, түрдүү чөптөр өскөн, мөлтүр кашка булактар аккан, кайберендер, карышкыр, түлкү, суур, ителги, улар жана башка жаныбарлар мекендеген эң кооз жайлоолордун бири. Аталган жайлоодо Кыз-Коргон, Вулкан-Тоо, Беш-Көл сыяктуу тарых окуяларын камтыган, уламыштарга бай, келечекте туристтик базага айлана турчу жерлер бар.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Саякбай Итикулов ата-бабасы жердеген Кашка-Суу жайлоосу тууралуу айтып берди.

«Кашка-Суу менин ата-бабаларымдын жери. Ошол жерди жайлап, кыштап жашашкан. Малы көп, бай адамдар болгон экен. Совет доору орноп, төрт түлүк малын колхозго тартып алабыз дегенде, бербей коюшат. Бир атанын төрт баласы да. Экөөнү Жалал-Абадга, экөөнү Нарынга алып келип, атып салышыптыр. Ал жерде ата-бабаларыбыз текенин мүйүзү менен казган суу арыктар бүгүнкү чейин бар. Кашка-Суу кооз өрөөн. Куркурак-Зоо деген зоонун үстүндө көл орун алган. Ошол зоонун оң капталында Кыз-Коргон деген жер бар. Кыз-Коргондун ичинде үңкүрлөр жайгашып, ак кайыңдар өсөт. Кокон хандыгынын мезгилинде сулуу кыздарды хан ордого алып кетип турушкан экен. Кыз-Коргондун ичинде чоң зоо бар, зоонун этегинде жайык булак, үңкүрлөр жайгашкан. Ошол жерге жергиликтүү жашоочулар кыздарын катышчу тура. Кокондун сарбаздары жердин шартын жакшы таанып билбегендиктен, ал жерге жашынтып койгон кыздарды көрбөй, өтүп кетишчү экен. Ошентип көптөгөн кыздарды хан ордого жибербей алып калышкандыктан, Кыз-Коргон деп аталып калыптыр», — деди Саякбай карыя.

Ал Куркурак-Зоонун түбүнөн вулкан атылып, 40 түтүн үй вулкандын алдында калгандыгы айтылып жүргөндүгүн билдирди.

«Ошол Кыз-Коргондун күн чыгыш тарабында Куркурак-Зоо бар. Ошол зоодон кечке жуук, күн бүткөндөн учурда куркурап тургандыктан Куркурак-Зоо дешет. Ошол зоонун алдында 17-кылымдарда вулкан атылган деген уламыштар айтылып жүрөт. Вулкан атылып, анын жанында жашаган 40 түтүн үй вулкандын астында калган деп жүрүшөт. Вулкан атылган жердин ичи чуңкур, ылдый жагында майда-майда дөбөчөлөр көп. Анын ылдый жагында Мазар-Көл, Самын-Көл, Көк-Көл, Ылай-Көл жана Базарбай-Көл деген беш көл бар. Ал жерди Беш-Көл деп коёт. Беш-Көлдүн күн чыгыш жагында Сары-Жон, Токсон-Теке деген жерлер орун алган. Ошол Токсон-Текеге чоң атам Молдобай тегирмен салган экен. Баягы совет доору келип, элдин малын ортого ала баштаган учурда, ата-бабаларыбыз малын берүүдөн баш тартышкан. Ошондо совет доорун орнотуучулар беш атар мылтыктан ок чыгарганда, чоң энемдин курсагынан ок жандап өтүптүр. Ал кезде азыркыдай медицина жок, чоң энем бир жылга жетпей каза болуптур. Ошол Кашка-Суу тарапта Беш-Абышка, Көпкөн чал деген ашуу бар. Анан жаш жигиттер кымыздын тунмасын ичип алып, ашуудан ары-бери өткөндөрдү коркутуп, опузалап коюшчу экен. Азыр Көпкөн-Чал бели деп аталат. Ал ашууда Тазкара чоң атабыздын салдырткан мечити болуптур. Мечитке өзү гана чыга алчу экен. Душмандар Тазкара чоң атабыздын башын ошол жерден кесип алышып, кетип бара жатышканда алдыларынан думана чыгып, «ташта башын» дегенде, таштап кетишет. Чоң атабыздын башын ошол жерге ташка корумдашкан экен. Ошол жерди Думана-Мазар дешет. Тазкара чоң атамдын сакалы белине оролуп келип, кайра байланып турчу экен. Кашка-Суу тарыхка, санжырага бай өрөөн», — деди Саякбай Итикулов.

Буга чейин аталган беш көл тууралуу жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE