Пример HTML-страницы

Ак-Талаада карышкырлар бир түндө 114 баш койду кырып кетишти. Малчы окуя кандай болгонун айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын тургуну Болотбек Арип уулу баккан малдын ичинен 114 баш койду карышкырлар бир түн ичинде кырып кетти. Бул тууралуу анын айылдашы Байысбек Жеңишбек уулу билдирди.

Окуя 17-январга караган түнү болгон.

«Болотбек Арип уулу Кызыл-Там чөлкөмүндө элдин малын багат. Ал 16-январь күнү Баетов айылына азык-түлүк алууга келген экен. Малды 80 жаштан өтүп калган атасы карап калыптыр. Күндүз койлорду кайтарып, кечинде сарайга айдап кирип, санабай эле камап коёт. Болотбек кечирээк барып жатып алат. Эртеси койлорду санап чыгарса, 150 баш кою кемип калат. 150 баш коюн издеп, аркы Кара-Көл тарапка барса, кырларда, сайларда, айтор ар кайсы жерде карышкыр кырып салыптыр. Биз барып өлгөн койлорун ар кайсы жерден чогултуп, бир жерге үйүп коюп келгенбиз. Кечээ барып унаага жүктөп келдик», — деди Байысбек Жеңишбек уулу.

Ал эми Болотбек Арип уулу карышкыр кырып кеткен малдын ордун толуктап берүү үчүн жардам сурап элге кайрылды.

«Беш жылдан бери элдин малын багам. 150дөй кой бөлүнүп, талаада калып калса, карышкырлар кырып кетиптир. Жалпы 114 баш койду жеп кеткен. Койлорду тамактап, жамбаштарын жулуп, бүт эле өлтүрүп кете берген. Канча карышкыр кол салганын билбейм. Карышкырдын көп эле изи бар экен. Андан сырткары, 10 баш кой дайынсыз болуп жатат. 114 баш койдун 12 баш коюу өзүмө тиешелүү. Калганы элдики болуп жатат. Өлгөн койлордун ордун тургузууга элден жардам сурайт элем. Мынча малды төлөп бериш оор», — деди Болотбек Арип уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE