Пример HTML-страницы

Ак-Сууда 15 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага түштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 25-апрель күнү Ак-Суу районунун Жолголот айылында 15 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, кырсыктан улам өспүрүм оор абалда ооруканага жаткырылды.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан аталган факт болгондугун тастыкташты.

Маалыматка караганда, 15 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага түшкөн. Алгачкы кароодо бир нече жаракат алганы аныкталган.

Ооруканага келгенде бала коматоздук абалда болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Бүгүн эртең мененкиге карата өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык, абалы начарлашы байкалган жок. Бала эс-акылында, сүйлөп жатат», — дешет дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE