Пример HTML-страницы

9 талапкерден 3 мугалим гана өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда мектеп директору кызмат орду үчүн сынактан 3 мугалим өтүп келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, буга чейин райондо өлкө башчысынын жарыгына ылайык 5 жылдан ашык убакыт директорлук кызматта иштеген 7 орто мектептин директору кызматтан четтетилген. Бош турган директорлук кызмат ордуна жалпы 17 талапкер сынакка катышуу ниетин билдиришкен. 20-август күнү өткөн сынакка 17 талапкердин ичинен 9 талапкер катышкан.

Сынактын соңунда Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин директорлук кызмат ордуна Нелли Абылова, Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебине Мээрим Кулманбетова жана Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин директорлук кызмат ордуна мурунку директору Асылбүбү Кожекова өтүп келгендиги маалым болду.

«7 мектептин бош турган директорлук кызмат ордуна 17 талапкер сынакка катышууну ниет кылышкан. 17 талапкердин ичинен 4 талапкердин документтери туура эмес болуп калса, 4 талапкер кайра баш тартышкан экен.

Бул сынакка биз кийлигише албайбыз. Сынакка катышуучулар өздөрү база аркылуу документтерин даярдап жөнөтүшөт. 7 орто мектептин ичинен 3 орто мектептин директорлук кызмат ордуна сынактан өтүп келишти. Ал эми Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров, Терек айылынын Калый Молдобасанов, Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов жана Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектептеринин директорлук кызмат ордуна сынакка катышкандар өтпөй калышыптыр. Бул 4 орто мектептин директорлук кызмат ордуна кайра сынак жарыяланат», — деди Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE