Пример HTML-страницы

Үй-интернатта 35 жыл иштеген З.Байвалиева күбө болгон тагдырлар

Акыркы жанылыктар

TurmushЗульфия Байвалиева Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатында 35 жыл медайым болуп иштеди. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде өзү күбө болгон тагдырлар тууралуу айтып берди.

«Боорукердик» үйү 1987-жылы реабилитациялык борбор болуп иштеп, жалаң балдар үчүн иштеп турган. Ошол убакта жумушка кирген Зульфия Байвалиеванын жүрөгүндө ар бир карыянын, ар бир ыйлап келген баланын окуясы сакталуу. Байвалиева бул жерде каза болгон карыяны кепиндеп жайына узатып, ата-энеден мээрим таппаган баланы бооруна кысып, мээрими менен чоңойтуп, уядан учурган кызматкерлердин бири.

Атасынын мээримин көрбөгөн бала атасын таап, алып кеткен

Бул жерге турмуш-шарты начар, кароосуз калган, балдарынан толук айрылып калган карыялар келишет. Атайлап эшиктин астына ата-энесин таштап кеткендер жокко эсе. Өзүмдүн ата-энемдин көзү өтүп кеткендиктен баарын ата-энемдей эле көрөм. Дүйшөмбү күнү кадимкидей сагынып келип, биринчи келип эле учурашканы кирем. Кишилерди «жигиттер», кемпирлерди «девочки» деп эркелетип, кирип барсам эле жаш баладай «бул жерим ооруп жатат, ал жерим ооруп чыкты» деп арызданып башташат. Балдарын күткөндөр аз. Аял кишилерден эле бир-экөө «балам келип, алып кетет» деп күтүшөт.

Бир жолу телеканалдан кабарчы келип, сюжет тартып кеткен. Ошондон бир аз убакыттан кийин атасын телеканалдан көрүп калган бала келип, алып кетти. Көрсө ал бала кичинесинде ата-энеси ажырашып кетип, атасын көргөн эмес экен. Атасы төшөктө жатып, кароого муктаж болуп калган эле. Биз «эгер карай алсаң алып кет. Атаң бир адамдын кароосуна муктаж, кийин таштап кетем десең калтырып кете бер» десек, «жок, өзүм карайм» деп алып кеткенде абдан ыраазы болгонбуз. «Атасынын камкордугун көрбөгөн бала атасына камкордук кылат экен» деп кубанып калганбыз.

Дагы бир карыябызды издеп келген, бирок ал каза болуп калган эле. «Ушунча убакыт эмне кылып жүрдүң?» десек, Орусияда камалып калып, байланыш үзүлүп, таба албай калганын айтып ыйлап кеткен.

Учурда 94 жашка чыккан, тылда эмгектенген кемпир бар. Ага өзүнчө бөлмө бөлүнүп берилген, чыйрак.

Карыялардан каза болса, жаныбызда мечит бар, ошол жерден чыгарабыз. Аял киши каза болсо, өзүбүз жуунтуп, кепиндеп беребиз. Өкүнүчтүүсү ал адамдарга биз гана кайгырып, жаназасында 10 чакты адам турат.

Балдар ыйлап, коркуп келишет

«Боорукердик» үйүнө келген балдар 6 айлык мөөнөт менен келишет. Эгер андан кийин да шарты жок болсо, мөөнөтү узартылат. Ата-энесинин шарты жок же алардын бири жок балдар алынып келет. Жаңы алып келгенде кандай шарттан келди экен деп жүрөгүң ооруйт. Балдар алгач келгенде ыйлап, чочулап, коркуп келишет. Алар менен психолог бир-эки жолу иштешкен соң жакшы болуп, ачылып сүйлөп калышат. Үстү-башы кир, жүдөгөн абалда келишет. Дароо чачтарын кыркып, жууп-тазалап койсок чырактай болуп калышат. Көнүп калышкан соң кетпейбиз дешет. Мөөнөтү бүтүп, үйүнө кетирсек, кайра качып келип алгандар да болгон.

Ата-энеси менен бир жумада эки жолу көрүшүүгө уруксат берилет. Баласы «алып кет» деп ээрчисе, «алып кете албайм, шартым жок» деп ыйлаган канча энени узатканбыз. Ал эми кээ бирлери көңүлү ток эле кетишет.

Биздин балдарды өкмөт каржылайт, ал арада демөөрчүлөр келип турушат. Тамак-ашы, кийимдери да жакшы. Мектепте деле жетим балдар экени билинбейт. Себеби башка балдардан да жакшы кийинишет. Бул балдарга бир гана ата-эне мээрими жетишпейт. Чуркап келип, кучактап, көкүрөгүбүзгө башын жөлөп туруп калышат. Колубуздагы жумушту таштай коюп, өөп-жыттап койсок, кайра так секирип ойноп кетишет. Үйдөгү балдарыбыз ыйлап, жөтөлүп калса, анчалык деле маани бербейбиз. Бул жердеги балдарды аманат деп билип, чуркап бара калабыз.

Азыр эми тартип катуу болуп калды. Мурда «үйүңүзгө алып кетиңизчи, бир күн түнөп, сиз менен кайтып келем» деген балдарды 1-2-күнгө үйгө алып барып, кайра алып келет элек. Алар мектеп менен ушул үйдүн ортосунда эле жүрө беришет. Ошондуктан бир аз зеригишет. Кичинелери аябай ширин, баса калып эле өпкүлөй берем. 27 баланын ичинен 4 бала томолой жетим, калгандарынын ата-энесинин бирөөсү бар. Мындан 3-4 жыл мурда бир келин өзү жалгыз 4 баласын чоңойтуп жүрүп, колундагы ымыркайы каза болуп калган. Түнү барып, төртөөнү алып келгенбиз. Ушунчалык жүрөгүбүз ооруп, ыйлап, көпкө чейин жаман абалда жүргөнбүз. Алардын кичүүсүн балдар үйүнө берип, жакында эле 4 жашка чыкканда бул жакка бир туугандарынын жанына алдырдык.

Ыраазычылык айткан балдар

Мектепти бүткөндөн кийин окуу жайларга жөнөтөбүз. Бир балабыз Чек ара кызматына кызмат өтөөгө барып, ант бергенде эне болуп барганбыз. Бул жерден кеткендердин баары бутуна туруп алышты. Кээде майда-чүйдөсүн көтөрүп, кабар алып кетишет. Өзүн таба албай калгандар же жоголуп кеткендер жокко эсе. Көчөдө калбаганына сүйүнөбүз.

Бул жерде иштеп эмнени түшүндүм? Ата-эне менен баланы кандай абал болбосун таштабаш керек. Турмушта канча кыйналса дагы, бир баланы бакканга кудурети жетет.

Жумуштан кетүүнү чечтим

Ойлосом бой жеткенден бери эле иштеп келе жатам. Жумуштан кетем деп эле жүргөн элем. Анан жакында телеканалдан бир ызы-чуу менен келип калышты. Бир кемпирден «дарыларыңды убагында береби?» деп сурашса, ал дарылары жок экенин айтты. Эмне себептен мындай жооп бергенин сурасам, «кечирип кой» деп мойнумдан кучактады. Жумуштан бошотуу тууралуу арыз жаздым. Жаш балдар кетеримди билишпейт. Алдымдан чыкса, өөп, кыя албай жүрөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE