Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө Ооган согушунун ардагерлерине 2 миң сомдон акчалай жардам берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-февраль күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Ооган согушунун катышуучуларына жана каза тапкан жоокерлердин жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге 2 миң сомдон акчалай жардам берилди.

Ардагерлерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы куттуктап, алардын эрдиги кийинки муунга өрнөк болорун белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE