Пример HTML-страницы

Жетекчи, тарбиячы жана анын жардамчысы жумуштан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы бала бакчада тартылган видеодон кийин үч кызматкер жумуштан кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп районунун Балбай айыл аймагынын Ой-Тал айылында жайгашкан «Алдаяр ата» бала бакчасынын жетекчиси, тарбиячы жана тарбиячынын жардамчысы өз каалоолору менен арыз жазып, жумуштан кетишти.

«Түп районунун акими Каныбек Адиевдин маалыматына караганда, бала бакчанын жамааты менен тиешелүү адистер аталган мекемеде мыйзам бузууга жана адаттан тышкары терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга бала бакча мыйзам чегинде өзүнүн багытында гана иш алып баруусу керектиги жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы бала бакчада тартылган видео тарап, талкууга алынган.

Видео «Алдаяр ата» бала бакчасында тартылган. Андан балдар уктап жатканда керебетте эркек киши асма дары (капельница) алып жатса, дагы бир керебетте аял киши кирпик коштуруп жатканын көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE