Пример HTML-страницы

Жалал-абаддык тургун террористтик уюмдун материалдарын жайылтууга шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган эктремисттик-террористтик уюмга таандык материалдарды жайылтып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-апрелинде ыкчам кызматкерлердин иш-чараларынын жыйынтыгында А. аттуу жаран интернет тармагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Джамаат ат-Таухид-валь-Джихад» террористтик жана башка экстремисттик уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөндүгү аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.нын өздүгү жана жашаган жери аныкталган. Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну — 1995-жылы туулган А.Б. кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал «Джамаат ат-Таухид-валь-Джихад» террористтик уюмунун активдүү мүчөсү экени, мурда соттолгонуна карабастан өзүнүн жашаган аймагында жана интернет тармагында активдүү түрдө диний-экстремисттик уюмдарга көмөктөшүп, Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга кетүүгө камданып жүргөндүгү маалым болду. Ошондой эле интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы материалдар диний жана лингвистикалык экспертиза кызматынын эксперттеринин берген корутундуларына ылайык диний-экстремисттик материалдар экендиги аныкталган.

Шектүү Б.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-аракеттери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ эскертет: Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга таандык болгон материалдарды интернет тармагында пайдалануу, жайылтуу жана үгүттөө өлкөбүздүн кызыкчылыгына жана мыйзам талаптарына каршы келет жана ал талаптарды бузгандар КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилигине тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE