Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддан Ош шаарына келип, уурулук кылып жүргөн жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түнкү убактарда кароосуз калган унаалардын эшик-терезелерин бузуп, салондун ичиндеги буюмдарды, акчаларды уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Малыматка караганда, кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын 1979-жылы туулган тургуну Б.К. бир нече жолу түрдүү кылмыштар үчүн соттолгон.

Шектүү Жалал-Абад шаарынан Ош шаарына келип, уурулук жасап, кайра изин жашырып качып кетип турган. Бүгүнкү күндө шектүү 9 ирет автоунааларга уурулук жасаганы аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE