Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддан Баткенге 3 унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлөт. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта боз үй тигилип, Баткен облусунун жашоочуларына гуманитардык жардам чогултулуп баштады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, атайын штаб түзүлдү. Бүгүн, 16-сентябрда жүк ташыган 3 унаа менен азык-түлүк жөнөтүлөт.

«Ушул тапта Баткен облусуна гуманитардык жардам катары 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна макарон азыктары, 3 тонна кумшекер, нан жана ичүүчү суу кетип жатат. Мындай гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн штабдар облустагы бардык район-шаарларда түзүлүүдө», — деди ал.

Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтындагы боз үйгө каалоочулар азык-түлүк алып келип, жардам көрсөтсө болот.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасында тажик чек арачылары тарабынан ок атуу башталган. Саат 07:20да Баткен районунун Кызыл-Бел айылында ок атышуу башталган болчу. Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу орун алган. Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталган.

  • Алдын ала маалыматка караганда 4 аскер кызматкери жарадар болгон.

Тажик тарап буга катар эле Баткен районунун Паскы-Арык аймагында «Самаркандек» чек ара заставасына ок атышкан.

Тажик чек арачылары саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Ак-Чечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарына ок атып баштаган. Аталган аймактардын тургундарын эвакуациялоо иштери башталган.

Тажик тарап танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонууда.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде жүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ок атышуудан Баткендеги ок атышуудан жабыркагандардын саны 42 адамга жеткенин билдирди.

  • УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жаткандыгын кабарлаган. Ага катар эле Тажикстандын аскерлери жөнөкөй жарандарды «тирүү калкан» катары пайдаланып жатканы белгилүү болгон.

Эвакуацияланган эл:

Бүгүн, 16-сентябрда таң эрте Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында башталган ок атышуудан улам тургундар эвакуацияланып жатканы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Баткендин Кызыл-Бел, Көк-Таш айылынын тургундары унаалар менен коопсуз аймактарга кетип жатышат.

Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарына кетүүгө аракет кылып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE