Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда спецназдын кармоо операциясы жаңжал менен коштолду. Видео

TurmushНоокен районунун 40 жаштагы тургуну бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 4-мартында саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кирпич, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү — Ноокен районунун 1984-жылы туулган тургуну Н.С. бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн.

Ал 2024-жылдын 27-март күнү саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиктен күч колдонулган.

Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Н.С. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кеп кийим-кече базары, эки бир туугандын жер талашы тууралуу болуп жатат. Алардын бири базардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жеке күзөт агенттигин жалдаган. Жеке күзөт кызматкерлери соодагерлерден базар ээси келгенге чейин коммерциялык жайларды ачпоону суранышкан. Бирок соодагерлер нааразы болуп, каршылык көрсөтүшкөн. Андан соң коопсуздук кызматынын кызматкерлери милицияга арыз менен кайрылышкан.

Буга чейин мүлк талашы боюнча Turmush басылмасына чыккан материалда 20 жылдан бери кийим-кече базары курулган 40 сотых жер тилкеси боюнча сот иштери жүрүп жатканы айтылган.

Жер тилкеси Кочкор-Ата шаарында жайгашкан. 2024-жылдын 7-февралында АКИpress-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйынында тараптардын бири кайрылуу жасаган.

«Эдем+К» ЖЧКсынын алдында ачылган кийим-кечек базарынын ээлеринин бири Абдимурат Нишанкулов ушул тапта бир тууган агасы Д.Н. менен соттошуп жатканын, анын кесепети соодагерлерге да тийип жатканын айткан.

Абдимурат Нишанкуловдун айтымында, «Эдем+К» ЖЧКсы 1998-жылы түзүлүп, 3 киши анын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Ошол учурда 40 сотых жерге базар салып, соода түйүндөрүн түзүп, ишкерлерге шарт түзүп берилген. Ал боюнча Ноокен райондук мамлекеттик админстарциясынын уруксат кагаздары бар.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эдем+К» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Нишанкулов Дилмуратжан Момунжанович, түзүүчүлөрү — Жаманкулова Гүлбайра Жумабековна жана Нишанкулов Дилмуратжан Момунжанович. Компания 2013-жылдын 30-июлунда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: базарларда жана палаткаларда чекене соода кылуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE