Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 10 маршруттук каттамдын багыты өзгөрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 10 маршруттук каттамдын багыты өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бул иштер жаңы ачылып жаткан муниципалдык базарга баруучу шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жасалды. Бүгүн, 26-сентябрдан тартып №101, №102, №103, №105, №107, №108, №109, №110, №111, №112 маршруттук каттамдар аталган муниципалдык базардын жанындагы Т.Байзаков жана Курманбек көчөлөрү аркылуу өтө баштайт.

Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде жалпы 13 маршруттук каттам бар. Ал каттамдар аркылуу күн сайын 150дөй кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE