Пример HTML-страницы

Юрист А.Мохаммад Таласка келип, 15 миң сомдук буюмдарды жасап сатууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТаластык 42 жаштагы Айгул Мохаммад 15 миң сомго чейин бааланган стол чырактарын (светильник) жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча юрист.

«1997-жылы мектепти аяктагам. Агрардык академияда 5 жыл окудум. 2002-жылы аяктадым. Адистигим жер боюнча юрист ( юрист по земельному праву). Бирок кесибим боюнча жарым жыл убакыт эле иштедим. Ошондон соң Таласка кайрадан келип калдым. Турмушка 26 жашымда чыктым. 3 уулум бар. Жолдошум каза болуп калгандан кийин Таласка кайтып келгенбиз. Балдарым менен Талас шаарында жашап жатабыз.

Кол өнөрчүлүк бизге апамдан өткөн. Апам да кийим тигип, токуп, сайма сайып, төшөк курап өнөрлүү адам болчу. Апамдын өнөрлөрү аябай көп эле. Үй-бүлөбүздө 7 бир тууганбыз. Эң улуусу байкем, калганыбыз кыздарбыз. Баарыбыздын тең ар кандай таланттарыбыз бар. Бизди кичинекей кезибизден эле сайма сайып, куурчактарга кийим тиккенден баштап, төшөк кураганды үйрөндүк. Кийин бир аз чоңойгондо өзүбүзгө юбка, көйнөк тигип калчубуз. Кичинекей кезибизден жасап жүргөнгөбү кол өнөрчүлүк менен алектенип жатам. Буга чейин деле үйдө отуруп сиңдилеримдин кыздарына чачка таккан ободок, резинкаларды жасап берчүмүн. Ушунтип эле кыздар тагынуучу жасалгаларды, бижутерияларды жасап, мончоктон тизип сөйкөлөрдү, шакектерди, үлпөт көйнөктөрүнө керектүү таажысын жасап сатыкка чыгарып калдым. Башында хобби катары эле жасачумун. Кийин сатыкка чыгарып, иштеп калдым.

Ал эми стол чырагын (светильник) интернеттен көрүп калдым. Ар кандай кооздолгон бул чырактарды жасоого кызыгып, кандай жасалат деп караштырдым. Аны көп адамдар жасабагандыктан ар кайсы жактан издеп таап үйрөнүп кеттим. Башында жасаган гүлдөрүмдү белекке берип же бекер эле берип жаттым. Убакыт өткөн сайын жакшы жасап баштагандан кийин буйрутма алып баштадым. Бул чырактарды жасап жатканыма 4 жыл болду. Азыр бул чырактарды көптөр жасап калышты.

Ата-энемдин дүкөнүндө иштейм. Ошондуктан кечинде гана колум бош убакытта гана жасайм. Кээде саат түнкү 4:00го чейин иштеп калам. Буйрутмага жараша жасайм. Азыр жалаң гана гүлдөрдү жасайм. Мурда эң кичинекейи 700-800 сом эле. Бирок азыр материалдары кымбаттап кеткенине жараша 1000 сомдон жогору турат. Эң кымбаты 15 миң сомго чейин жетет. Алар 2,5 метрлик болгон, гүлдөрү көп болгон чырактар. Эл көбүнчө 1500-2500 сомдон турган чырактарды алышат. Көбүнчө тойлорго, юбилейге кымбат, чоң гүлдөрдү алышат. Жасоого материалдарды Москвадан буйрутма берип алдырам. Бишкекте да саткандар бар. Мен жасап баштаган жылы Кыргызстанда көп адам жасабагандан материалдары жок эле», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE