Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө шымына сийип койгондугу үчүн эс-учун жоготкуча сабалган баланын өлүмү. Ишке чекит коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө 3 жаштагы баланын өлүмүнө айыпталган аял темир тордо калды.

2022-жылдын 12-октябрында Жогорку соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы соттолуучунун жактоочусу Т.А.А.нын кассациялык даттануусунун негизинде ишти кайра карап чыккан.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылы 15-май күнү саат 12:32 чамасында аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. аттуу тургундары денесинде көк ала тактары ​​бар, эс-учун жоготкон 3 жаштагы баланы ооруканага жеткиргени боюнча билдирүү түшкөн. Бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс-учуна келбей көз жумган.

Бул факт Жоруктар жөнүндөгү (эски редакция) кодекстин 65-беренесинин (уруп-сабоо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн райондук ИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Күбөлөрдү сурамжылоонун жүрүшүндө баланын энеси уулун 33 жаштагы М.Г. аттуу кудачасына таштап, Россия Федерациясына иштегени кеткени аныкталган.

Баланы караган аялдын айтымында, 15-майда болжол менен саат 12:00 чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулаган. Ал эми баланын денесиндеги көгөргөн тактар аны бир нече жолу чымчыгандан улам пайда болгон.

Масылкан (аты өзгөртүлдү, М.Г.Б.) 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Масылкан 2021-жылдын 13-майында Кемин районунун Тогуз-Булак айылына караштуу кашарда 1983-жылы туулган Г.Т.Б.нын 2018-жылы туулган баласы Б.К.А. менен тамак ичип жаткан. Ошол учурда наристе отурган жеринен сийип койгон. Ошондо Масылкан эмоциясын башкара албай, Б.К.А.ны ур-токмокко алып, өлүмгө жеткирген жаракат келтирген.

Б.К.А. 2021-жылы 15-майда саат 14:55 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасында көз жумган.

Соттук-медициналык эксперттин алдын ала маалыматы боюнча, бала башынан оор жаракат алган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алдын ала корутундусунун негизинде Жоруктар жөнүндөгү кодекс Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна (ден соолукка оор жаракат келтирүү, байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) өзгөртүлгөн.

Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы М.Г.ны милицияга жеткиришкен.

Жети-Өгүз райондук сотунун 2022-жылдын 29-апрелиндеги өкүмү боюнча Масылкан Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 4 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулган.

Андан кийин Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 14-июлундагы өкүмү менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун 2022-жылдын 29-апрелиндеги өкүмү өзгөртүлгөн. Анда пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылып, Масылкан сот залынан камакка алынган.

Сот отурумунда айыпталуучу Масылкандын жактоочусу Т.А.А.нын кассациялык даттануусунда Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 14-июлундагы өкүмүн жокко чыгарып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун 2022-жылдын 29-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырып берүүнү суранган.

Жыйынтыгында Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 14-июлундагы өкүмү күчүндө калды.

Жактоочунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE