Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эс алган кыз-жигиттин өлүмүнөн кийин 16 жаштагы бала кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЭтиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу — Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Мындан тышкары көлдө ушул өӊдүү кырсыктарга жол бербөө, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан суу транспортторунун айдоочуларынын жана эс алуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августунда №466 «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, күчөтүлгөн профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

23-июль күнү Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну эс алуучуларды «Таблетка» аталышындагы аттракционду тартуулап жатып, өтүп бара жаткан теплоходду байкабай, аны менен кагышкан. Кагылышуудан улам эки эс алуучу алган жаракатынан улам райондук ооруканада көз жумган, үчүнчү эс алуучу дарылануусун улантууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында моторлуу кайык катышкан кырсыктан 3 адам жабыркап, анын экөө каза болгондугун жазган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 2023-жылдын 23-июлунда Ысык-Көл РИИБге Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөн. Анда 3 адам денесинен оор жаракат алып, ооруканага түшүп, бири жандандыруу бөлүмүндө каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жаткырылганы айтылган.

Аталган билдирүү Ысык-Көл РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, аталган аймактык ооруканага ыкчам тергөө тобу кечиктирилгис түрдө жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн «таблетка» баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Анын кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөө алган оор жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле түнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна шилтеме берүү менен Чолпон-Ата шаарында скутер 3 эс алуучуну сүзүп кеткенин билдирген.

Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна 2 кыз жана 1 жигит жеткирилген. Алар болжол менен 19-23 жашта.

Каза болгондор жана жабыркагандар Чүй облусунун тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE