Пример HTML-страницы

Видео — Түптө өрүктөн жасалган момпосуй көпчүлүктү кызыктырды

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Каркыра жайлоосунда өткөн туристтик этно фестивалда улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду.

Анын алкагында бир нече айылдар арасынан Каркыра айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылы 1-орунду багындырып, 20 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ажар Чынтемированын айтымында, бул сынакка кыргыз ашканасына тиешелүү болгон жалпысынан 45тен ашуун даам-татымал даярдалган. Алардын катарында улуттук суусундуктун 5-6 түрү, эт азыктарынан быжы, жөргөм, олобо жана беш бармак камтылган. Мындан сырткары нан жана сүт азыктарынын түрлөрү, ошондой эле кургатылган жана чийки көк өрүктөн момпосуй даярдалган.

«Талды-Суу айылындагы Казы Дыйканбаевдин урпактарынын атынан Каркыра жайлоосундагы улуттук тамак-аш сынагына катыштык. Жайыл дасторкондогу татымалдар өзгөчө идиш-аякка салынып, келген меймандардын бүйүрүн кызытты. Өзгөчө өрүктөн жасалган момпосуйду да камтыдык. Анткени негизги сүт, эт азыктардан сырткары таттууну да киргизүүнү колдодук.

Мындайча айтканда илгери азыркы момпосуйлар болгон эмес да. Анан биз кум шекерсиз таттуу даам бере турган кургатылган, чийки көк өрүккө мейиз, жаңгак, кокостун упасын кошуп уптап жасап койдук. Бул шириндик көпчүлүккө жакты, келечекте бренд катары жайылтсак болот», — дешет катышуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE