Пример HTML-страницы

Видео, сүрөт — Соң-Көл жайлоосунда эң узун шырдак көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

Turmush22-июль күнү Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунун Баатай өрөөнүндө өткөн фестивалда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шырдакты жасоого облустан 70тей кол өнөрчү тартылган.

Фестивалдын уюштуруучусу Саадагүл Садыкова кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, аны Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында аталган шырдак жасалганын айтты.

Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну Айнура Исмаилова акыркы 40 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал 130 метрден ашкан эң узун шырдакты жасоого катышты.

«Ушул күнгө чейин шырдактын далайын жасап келгем. Бирок ушул 100 метрлик шырдакты биринчи жолу жасадык. Өзүм негизи оймо оюп келем. Ушул өнөрүмдү урпактарга үйрөтөйүн деген ниетим бар», — дейт ал.

Өрмөк согуунун ыкмаларын айтып, мастер-класс көрсөткөн Турдубүбү Жекшенова бул фестивалга Ат-Башы районунан келген.

«Бала кезден өрмөк согуп келем. Ушуну менен иштеп, ушуну менен бала-чакамды багып келем. Өрмөк согууну такыр таштабайм. Бул фествалга катышканыма сыймыктанам. Себеби, улуттук баалуулуктар ушундай иш-чаралар менен даңазалат эмеспи», — деди ал.

Фестиваль кол өнөрчүлөрдүн концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Буга чейин «Эң узун шырдак Нарында» аттуу фестиваль өтөрү айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE