Пример HTML-страницы

Turmush: Таласка келген генералдар: Алар жолугушуу өткөрүштү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын генералдары Талас ОИИБдин өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин руханий адеп-ахлагынын деңгээлин жогорулатуу максатында ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, генерал-майор Садырбек Дубанаев, генерал-лейтенант Бексултан Ишимов, генерал-майор Алымбай Султанов келди. Жолугушуу Талас шаарынын музыкалык балдар мектебинде өткөрүлдү.

Ага президенттин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер жана жетекчилик курам катышты.

Садырбек Дубанаев кыргыз милициясынын азыркы учурдагы ролу зор экендигин, милиция кызматкерлери бүгүнкү күндө жетиштүү деңгээлде камсыздалып, мамлекет тарабынан каржыланып материалдык-техникалык жактан мыкты экендигин айтты. Ички иштер органдары азыркы учурда толук санариптештирүүгө өтүп, ыкчам аракет кылып, ар бир кылмыш окуяга дыкаат мамиле жасап, элдин ишенимине ээ экендигин белгиледи. Генералдар кызматкерлерге басып өткөн күндөрүнөн жана тажрыйбаларын эскерип бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда улуттук «Манас Ордо» комплексине барып, зыярат кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE