Пример HTML-страницы

Turmush: Акыркы мезгилде жамбашы туюк болуп төрөлгөн балдар көп болууда,

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы мезгилде тубаса кемтик, кызыл өңгөчү, жамбашы туюк болуп төрөлгөн балдар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Калдар Айбашов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Калдар Айбашов 30 жылдан бери дарыгер болуп эмгектенип, балдарга ар түрдүү операцияларды жасап келет.

«Биздин бөлүм жалпы түштүк региону боюнча жаш балдарга күнү-түнү жардам берип келет. Жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө чукул арадагы проктологиялык оорулар: аппендицит, грыжа, эхинококкоз, гиршпрунг, жоон ичеги ооруларына операция жасап, жардам көрсөтөбүз.

Акыркы мезгилде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында тубаса кемтик, кызыл өңгөчү туюк, жамбашы туюк болуп төрөлгөндөр көбөйүп жатат. Бул оорулардын алуу үчүн жалпы ата-энелер, жаш-карысы айырмасы жок алдын ала текшерүүдөн өтүшү керек. Кош бойлуу аялдар көптөгөн витаминдерди ичтеги балага берип, табигый азыктарды көп колдонуусу шарт», — деди ал.

Дарыгердин айтымында, эч качан операция жеңил деп айтылбайт.

«Ар бир жасаган ишибиздин өзүнүн кыйынчылыктары жана жоопкерчилиги бар. Акыркы жасаган операциябыздын бирин айтып берейин. Жаңы төрөлгөн 1 күндүк ымыркайга жасаганбыз. Кызыл өңгөчү туюк болуп, дем алуу системалары жабышып калган. Бул дагы оор операциялардын бири болду. Бактыга жараша баланын абалы жакшы болуп, ата-энесине аман-эсен тапшырып бердик.

Дагы бир учур болгон, 14 жаштагы балага тир атуучу куралдын огу кирип кеткен. Баланын денесинен окту алуу процесси 4 саатка созулган. Негизи операциянын орточо убактысы бир жарым, эки саатка чейин созулат.

2023-жылдын эсебинде биздин бөлүмдө 1 миң 620 операция жасалды. Ал эми быйылкы жылдын акыркы эки ай ичинде 224 операция жасалды. Бул операциялардын баары жогоруда айтып кеткен ооруларга жасалган. Ата-энелер балдарына такай көз салып турушу керек. Ооруган балдарын дарыгерлерге убагында көрсөтсө, мындай көйгөйлөр болбойт. Жаш ата-энелерге да айтарым, медициналык текшерүүдөн сөзсүз өтүп, ден соолугуна кам көрүшсө жакшы болот. Дени сак ата-энеден ден соолугу чың бала төрөлөт», — деди Калдар Айбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE