Пример HTML-страницы

Таласта мыкты район, мыкты жетекчилер аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-февраль күнү Таласта облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчү боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Маалым болгондой, коллегиянын аягында жылдын мыктыларын сыйлоо аземи болду. Талас району мыкты район деп табылып, өтмө кызыл тууну алды.

Мыкты айыл аймактар:

— 1-орун — Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагы;

— 2-орун — Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айыл аймагы;

— 3-орун — Талас районунун Калба айыл аймагы жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл аймагы.

Мыкты мекемелер:

— №3 жол чарба департаменти;

— Капар Медетбеков атындагы облустук драма театры.

Мыкты жетекчилер:

— Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Нуржан Аманкулов;

— Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова;

— Манас районунун суу чарба департаментинин жетекчиси Жыргалбек Жунусов;

— Талас облустук камсыздандыруу фондунун жетекчиси Чолпон Турсункулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE