Пример HTML-страницы

«Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАКтын цемент заводунда жумушчунун үстүнө бетондун бөлүгү түшүп кеткен. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун цемент заводунда 20-30 килограмм салмактагы бетондун бөлүгү жумушчунун үстүнө түшкөн.

Окуя 2023-жылдын 27-декабрында болгон. Жумушчу Кызыл-Кыя аймактык ооруканасына жеткирилип, андан ары жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул маалыматты медициналык мекемеден тастыкташты. Маалым болгондой, 27-декабрь күнү саат 22:40 чамасында аларга эс-учун жоготкон жумушчу алынып келген. Медиктер анын үстүнө 20-30 килограмм салмактагы бетондун бир бөлүгү кулап кеткенин билдиришти. Ал башка жана желкесине түшкөн. Эртеси анын абалы жакшырып, андан кийин жумушчу жалпы палатага которулуп, өз алдынча кыймылдай баштаган.

Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

«Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун юристи Гүлнара Нурматованын айтымында, завод 1 жылда 1 айга оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бункердин ичинен кокустук болуп, бетондун бөлүгү жумушчуга кулап кеткен. Анын башында каска болгон.

Бул окуядан кийин Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү текшерүү жүргүзгөн.

——————

«Stone Group» ЖЧКсы «Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАКтын башкаруу органынын милдетин аткарат (Юстиция министрлигинин маалымат базасында ЖЧК ЖАКтын башкаруу органы катары иш алып барат деп жазылган).

КР Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, «Ston Group» ЖЧКсынын негиздөөчүсү «NETNIX LIMITED» (Нетникс Лимитед) компаниясы болуп саналат. Негизги ишмердүүлүгү коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу боюнча консалтинг болуп саналат. ЖЧК 2015-жылдын 6-майында кайра каттоо процедурасынан өткөн.

Тенг Дзяньхуа дагы «Power Assets» («Пауэр Эсэтс») ЖЧКсынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Анын уюштуруучулары: Тиленбаев Улан Кадырмаматович жана «Stone Group» ЖЧКсы. «Power Assets» ЖЧКсы өзүнүн кыймылсыз мүлкүн лизингге берүү менен алектенет.

ЖЧК кайра каттоо процедурасынан 2019-жылдын 9-декабрында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE