Пример HTML-страницы

Түп районунун Кең-Суу айылында жаңы спорт зал курулуп жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Кең-Суу айылында жаңы спорт залдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, имараттын курулушу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланууда. Жалпы сметалык баасы 18 млн 600 миң сомду түздү. Бүгүнкү күнү жумуштардын тең жарымы бүтүп калды. Жаңы спорт залдын курулушу менен мектеп окуучуларына жана айыл элине спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарттар түзүлмөкчү. Себеби буга чейин айылда спорттук имарат болгон эмес. Спорт залдын жалпы аянты 657 чарчы метр. Анда жуунучу, кийинип-чечинүүнү жайлар, машыктыруучунун бөлмөсү, бий жана столдук тенниске бөлмөлөр болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE