Пример HTML-страницы

«Сырдуу» сандын түйүнүн чече албай, күнү-түнү ойго баткан А.Өмүрбекова  

Акыркы жанылыктар

TurmushҮч баласы тең 36 жаш курагында каза тапкан Чүй облусунун Москва районунун 62 жаштагы тургуну Апал Өмүрбекова социалдык шаарчада жашайт. Анын жашоосу, өкүнүчтүү өмүр жолу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Тагдырдын маңдайга жазган табышмактуу жолу тура. Жашоомдо жолдошумдан айрылдым. Үч балам тең 36 жашында каза тапты. Аларды эскерип, кээде ыйлап, кайра белди бек бууп, Ак-Суу айылындагы социалдык шаарчада 4 неберем, 1 чөбөрөм менен бир бөлмөлүү үйдө жашап келем. Ооба, 1960-жылы 13-апрелде Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөм. Орто мектепти аяктап, бойго жетип, турмушка чыктым. Москва районундагы Беловодск айылына көчүп келип, эл катары жашообуз уланып, 2 уул, 1 кыздуу болдук. Турмушубуз эми түптөлүп, өз алдыбызча түтүн булатып жүргөн чакта жолдошум өпкөсүнөн рак оорусуна кабылып, 39 жашында каза тапты. Оор күндөрдө үйгө кирип аял, сыртка чыгып эркек болуп, заводдо 22 жыл эмгектендим. Эми болгону 3 миң сом пенсия алам. Кызым Салтанат, уулум Ринат да жол кырсыгына кабылып каза тапты. Ал эми бир уулум Саламат кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайдан улам асынып алып, баарыбызды боздотту. Үч балам тең 36 жаш курагында каза болгону күнү-түнү ойго салат. Эне жүрөгү ушундай оор тагдырды да көтөрөт тура», — деди 62 жаштагы Апал апа.

Анын айтымында, учурда социалдык шаарчада 20 үй-бүлө күн кечирет.

«Райондогу Биринчи май айыл аймагына караштуу Ак-Суу айылындагы демөөрчүлөр тарабынан курулган социалдык шаарчада 20 үй-бүлө жашайбыз. Албетте, жесир аялдар, жетим балдар үчүн турак жай салып берген демөөрчүлөргө ыраазыбыз. Бирок, өкүнүчтүүсү — бул жай 2017-жылы 2 айда эле өтө шашылыш түрдө пескоблок менен сапатсыз курулуп, пайдаланууга берилген. Дубалдарына тор тартылып, эптеп шыбап салган. Эми күн сайын ар жери көчүп, үйдүн ичи саз жыттанып, көгөрө баштады. Жашообуз оорлошуп жатат. Каттообуз жок болгондон улам, балдарыбызга жөлөк пул ала албайбыз. Бир нече талаптарыбызды жергиликтүү жетекчилерге айтып келебиз. Нооруз күнү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Султаналиев жергиликтүү кеңештин депутаты менен келип, жашоо шартыбыз менен таанышып кетти. Болгон көйгөйдү толук айттык. Жардам көрсөтүлө турганын билдирди. Ошондой болгон күндө да биз айыл өкмөтүнүн карамагында болбогон соң, эми кимге кайрылабыз? Калкыбыздын аярлуу катмарында жашап жаткандарга жардам көрсөтүлүп турса, жакшы болот эле», — деди ал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE