Пример HTML-страницы

Сузакта өспүрүм эже-сиңди атасынан кургак учук жуктуруп алган. Алар ооруканага жаткырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда кургак учукка каршы күрөшүү борборунан бир нече жолу качып кеткен адам кайрадан жаткырылып, психиаторлордун текшерүүсүнөн өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Кадырова билдирди.

Анын айтымында, бейтап 21-январда жаткырылган.

«21-январь күнү Сузак районунун тургуну Ш.А. кургак учуктун ачык түрү менен жабыркап, биздин борборго жаткырылган. Бейтап жаткандан кийин аны менен байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрүн текшергенибизде мекеп курагындагы эки кызынан да илдет аныкталып, борборго жаткырылган. Бирок Ш.А. бейтапканага жаткандан кийин ички тартипке баш ийбей, бир нече жолу уруксатсыз сыртка чыгып кетип жүрүп, 26-январь күнү качып кеткен. Биз Сузак районундагы кесиптештерибизге бул боюнча билдиргенибизде алар бейтап үйүндө жүргөнүн айтты. Кийинчерээк анын кошуналары кургак учуктун ачык түрү менен ооруп жаткан адам үйүндө жүргөнүн айтып, нааразы болгондон кийин кечээ кайрадан аны борборго чакыртып жаткырдык. Эмне себептен кетип калганын билүү максатында психиатор дарыгерлерди чакырып, алардын текшерүүсүнөн өттү. Эгер дагы качып кетсе, Ош облусундагы атайын бейтапканага которууга мажбур болобуз.

Ал эми илдет жуккан 14 жаштагы жана 9 жаштагы кыздар бизге келгенде абдан начар абалда эле. Көптөн бери жуунбай кирдеп, кийимдери жыртылып, жука экен. Биздин кызматкерлер жуунтуп, тазалап, кийимдерди алып келип берип, өз убагында дары-дармегин берип жатат. Азыр келгенге караганда абалдары кыйла жакшы», — дейт Кадырова.

  • Бүгүнкү күндө Сузак районунда турмуштук оор кырдаалдагы 430 үй-бүлө социалдык коргоо бөлүмүнүн каттоосунда турат.

Буга чейин Turmush Сузак райондук социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаевге шилтеме берүү менен дарыга көз каранды болгон жалгыз бой атанын эки баласы реабилитациялык борборго жеткирилгенин жазган болчу.

Бул үй-бүлө 5 жылдан бери кризистик үй-бүлө катары каттоодо турган. Балдардын апасы 2 жыл мурун каза болгон. Алардын беш баласы бар. Үй-бүлө башчысы дарыларга көз каранды болуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE