Пример HTML-страницы

Сел каптаган жерге министр келди (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келди.

Кечээ, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген. Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Катуу жааган жаандан кийин шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE