Пример HTML-страницы

Руслан Акматалиевдин 700 миң сомдук кочкору, Чеченстандан келген кардар

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Молдо Асан айылынын 50 жаштагы тургуну Руслан Акматалиев таза кандуу жылкыларды, арашан породасындагы койлорду багууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, таза кандуу койлорду бага баштаганына 10 жыл болду.

«Малды илгери чоң атабыз баккан. Чоң атабыздан кийин атабыз багып келе жатат. Атабыздан кийин мен багып жатам. Илгертеден эле жылкы бактык. Алгач ак кой бактык, андан кийин кара кой бактык. 10 жылдан бери таза кандуу кочкорлорду алып келип багып жатабыз. 2 жылдан бери арашан койлорун бага баштадык. Бул жерде арашан койлор да бар, чарбалык койлор да бар. Уруктукка кочкорлорду 2 жылдан бери Чүй тараптан алып келип жүрөбүз. Мурдагы жылы таза кандуу деп 300 миң сомго кочкор алып келдик. Экинчи жылы коюлду. Быйыл буюрса марттын орточо ченинде 4 кой төлдөп баштайт. Күзүндө дагы урукка деп 200 миң сомго атактуу кочкордун балдарынан алып келдик.

Жайында 3 айга Чаткалга барып жайлап келебиз. Күзүндө айылга келип түшөт. Кышында 3 ай кыштоого барабыз. Быйыл күн сууктугуна байланыштуу койлор кичине арыктай түштү. Азыр эртең менен, түштө, кечинде — 3 маал чөп жеп жатат. Бир маал жем жешет. Кой башына 300 граммдан буудайдан жем берип жатам. Ал эми азыркы учурда койлордон 200 баш бар. Бирок убагында кыштоодо болуп калып, арашанга каттоого алынбай калды. Үйдө тоодон арык болуп келген 5 кой гана каттоого алынып калды. Кочкорлордон болсо 3 баш бар. Койлордун оор салмагы 170 кг тегереги болот. Жазында 3 жаш болот. Жазында 2 жаш боло турганы 140 кг тегереги болот», — деди ал.

Фермердин күлүк жылкылары, мал багууга кеткен чыгымдар, түшкөн каражаттар жанан телефон номурун биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE