Пример HTML-страницы

Россиядагы жол кырсыкта көз жумган Элнура Мусабаева жерге берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыктан каза болгон Элнура Мусабаева Ош облусунун Кара-Кулжа районунда акыркы сапарга узатылды.

Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, маркумдун ата-энеси жок болгондуктан Кара-Кулжа районунун Биринчи май айыл өкмөтүндөгү тууганынын үйүндө акыркы сапарга узатылды.

«Каза болгон келин Куршабда чоңойгондуктан көп маалымат билбей жатабыз. Азыр 3 кичинекей баласы ыйлап турушат. Экинчи турмушунан да балдары бар экен деп айтылууда. Кечээ сөөгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов коштоп келди. Райондук администрация жардам катары 50 миң сом акча берди», — деп айтылат маалыматта.

———————————————————

21-августта Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда жол кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14 киши — Кыргызстандын жарандары болчу. Андан тышкары 3 кыргыз жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Самара шаарынан Москвага бара жаткан кичи автобуста 19 адам бар болчу. Россиянын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу оңдолуп жаткан жолдон өтүү үчүн өз кезегин күтүп турган. Ошол учурда кичи автобусту аркасынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кечээ, 23-августта саат 17:20 чамасындагы каза болгон 14 жарандын сөөгү жүктөлгөн учак Ош шаарындагы аэропортко конгон.

Каза болгон жарандар:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 1990-жылы 20-августта Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 1998-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылында туулган;

3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 1999-жылы 22-июлда Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 1976-жылы 15-октябрда Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган.

5. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 2000-жылы 24-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

6. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 1980-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;

7. Ормонбек кызы Алина — 1995-жылы 22-январда Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында туулган;

8. Турсуналы уулу Адилет — 1999-жылы 5-октябрда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

9. Каныбек уулу Азиз — 1976-жылы 13-январда Сузак районунун Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында туулган.

10. Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 1991-жылы 29-мартта Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

11. Акылбек уулу Майрамбек — 1997-жылы 27-декабрда Кадамжай шаарында туулган;

12. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 1986-жылы 12-октябрда Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек — 1996-жылы 24-октябрда Баткен районунун Табылгы айылында туулган.

14. Ирисбаев Алмазбек —1978-жылы 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Ооруканага жеткирилген жарандар:

1. 1981-жылы 23-апрелде туулган Алибаева Айгүл;

2. 2001-жылы 18-июнда туулган Бекназар уулу Сыймык;

3. 1993-жылы 13-ноябрда туулган Абдусалим уулу Таалайбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE