Пример HTML-страницы

Россиядагы унаа кырсыктан каза болгон 14 адамдын сөөгүн Оштогу аэропорттон алып кетишти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиядагы унаа кырсыктан каза болгон 14 адамдын сөөгүн Оштогу аэропорттон алып кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бир нече унаадан турган кортеж тез жардам унаасы, жол кайгуулчулардын коштоосунда аэропорттон чыгып кетти.

«1983-жылдан бери мындай унаа кырсык каттала элек болчу. Сөөктөрдү алып келүүгө жардам берген бардык структуралар менен уюмдарга рахмат. Күйүүчү майга гана чыгым болду», — деди ӨКМдин жетекчиси Бообек Ажибеков.

Буга чейин 21-августта Россиянын Николаев районундагы жол транспорт кырсыгынан 16 адам каза болгону кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасынан 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны экенин билдирген.

Кырсык М-5 «Урал» жолунда, Прасковьино менен Новоспасское айылдарынын ортосунда 21-августта күндүз болгон. 18 адам бара жаткан кичи автобус жүк ташуучу 2 чоң унаанын ортосунда калып талкаланган. 16 адам каза болуп, ооруканага 3 адам жеткирилди.

Каза болгон кыргызстандык жарандар:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 1990-жылы 20-августта Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 1998-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылында туулган;

3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 1999-жылы 22-июлда Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 1976-жылы 15-октябрда Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган.

5. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 2000-жылы 24-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

6. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 1980-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;

7. Ормонбек кызы Алина — 1995-жылы 22-январда Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында туулган;

8. Турсуналы уулу Адилет — 1999-жылы 5-октябрда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

9. Каныбек уулу Азиз — 1976-жылы 13-январда Сузак районунун Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында туулган.

10. Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 1991-жылы 29-мартта Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

11. Акылбек уулу Майрамбек — 1997-жылы 27-декабрда Кадамжай шаарында туулган;

12. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 1986-жылы 12-октябрда Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек — 1996-жылы 24-октябрда Баткен районунун Табылгы айылында туулган.

14. Ирисбаев Алмазбек —1978-жылы 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Ооруканага жеткирилген кыргызстандык жарандар:

1. 1981-жылы 23-апрелде туулган Алибаева Айгүл;

2. 2001-жылы 18-июнда туулган Бекназар уулу Сыймык;

3. 1993-жылы 13-ноябрда туулган Абдусалим уулу Таалайбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE