Пример HTML-страницы

Өз короосунда гүл менен дарактын 30дан ашык түрүн өстүргөн мугалим Д.Исакбекованын жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЭлеттеги үй короосунда дарактын, кооз гүлдөрдүн 30дан ашуун сортун отургузуп, багбанчылыкты өнүктүргөн жалгыз бой эне Динара Исакбекова Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылынын 61 жаштагы тургуну. Анын жашоосу, багбанчылыкты өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Тоо этегинде жайгашкан Вознесеновка айыл аймагындагы Эркин-Сай айылында төрөлүп, балалык, жаштык курагым өттү. Учурда кичи мекенимдеги К.Жуматаев атындагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенем. Ооба, өткөн жылдарда аталган билим уясында директор да болуп эмгектендим. Негизи кооз аймакта төрөлгөнүмдөнбү, же жаратылышка жакын биолог мугалими болгондонбу, айтор багбанчылыкка өтө жакынмын. Өз колум менен үй ичинде, сыртында кооз гүлдөрдүн лилия, тоо гүлдөрү жана башка түрдүү сортторун өстүрөм. Таң эрте аларды аралай басып, кадимкидей «сүйлөшүп» да чыгам. Ошондой эле үйүмдүн короосунда чакан бакчам да бар. Аларды көп жылдан бери карап, түшүмүн да алып келем. Мени ал жерден түшкөн кошумча каражат деле анчалык кызыктырбайт. Болгону алар көктөп, гүлдөп, теребелди жашыл түскө боёп, кээде жалбырактары шамалга шуудурап турганы бөтөнчө. Ошого сүйүнүп, кубанып, неберелеримди жетелеп, жаратылыш кооздугуна бөлөнүп жашап келем. 3 балам, 11 неберем менин жардамчыларым. Быйыл түштүктөн келген алманын жанатан жана башка көчөттөрүн отургуздум. Өнүмү жакшы. Күндө алардын, алча, кызыл, кара карагаттардын жалбырактарын кармалап, өзүмчө ырдап да коём. Айылда төрөлгөнүмө сыймыктанам», — деди жалгыз бой эне Динара Исакбекова.

Ал жашоодогу айрым көйгөйлөргө токтолуп, төмөндөгүчө ой бөлүштү.

«Эсимде, тээ өткөн жылдарда орто мектепти аяктап, классташтар шаарга бет алуучу элек. Бирибиз окусак, бирибиз ишке орношуп, турмуш жолуна аттанып дегендей. Эми ойлосом, береке, ырыскынын баары айылда тура. Туура, жогорку билим алуу керек. Бирок, кесипке ээ болгон соң, элетте жашоо, ошого шартталган адистикти тандоо зарыл экен. Айыл ажары башкача. Таң сүрө туруп, айлана-чөйрөнү иретке келтирип, уй саап, сүтүн балдарга берип, анан шашыла жумушуңа жөнөп….

Бир күндүк жашоо эле жазсаң роман. Эми учурда айыл жаштары азайып барат. Жумушсуздукту шылтоо кылып, ар жакка багыт алышат. Мен ага деле каршы эмесмин. Чет өлкөлөргө барсын, эл-жер көрсүн, билим алсын, иштесин. Айтарым, айылда да эң сонун жашаса болот экен. Мал, айыл чарбасын түзүп, фермерликти өнүктүрүп, эл арасында кадыр-барк тапса болот.

Көп жыл мугалим болуп эмгектенген соң, өз иш тажрыйбам көрсөткөндөй балдарды турмушка даярдообуз зарыл. 10 жылдап эмгекке үйрөтүү сабагын окуп, өз кийиминин топчусун тиге албаган, же физакадан үйрөнбөй, 2 зымдын башын бириктире албаган жараксыз түшүнүктөрдүн кимге кереги бар? Ушундайларды эске алып, балдарды кесипке багыт алдыруудабыз. Өткөн жылдарда демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылга 200 түп, алма, алча жана башка көчөттөрдү отургуздук. Аны мектептин тажрыйба аянтчасына айлантып, окуучулар багбанчылыкты үйрөнүп жатышат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE