Пример HTML-страницы

ОшТУнун студенттери Баткен элине жардам берүү максатында жармаңке уюштурду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин студентери Баткен элине жардам берүү максатында жармаңке уюштурду.

Аталган жармаңке экономика жана башкаруу факультетинде өткөрүлүп, окуу жайдын жамааты жана студенттери катышты. Жармаңкеде студенттер тарабынан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер сатыкка коюлду. Сатыктан түшкөн каражат Баткен элине которулат.

Баткен облусунан келген 83 окуучу окуу куралдары менен камсыз болушту. Ош технологиялык университети «Датка айымдар жамааты» фонду менен биргеликте Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген жарандардын балдарын окуу куралдары менен камсыз кылышты.

Окуу жай Баткен облусундагы окуяга байланыштуу бир катар иштер менен бирге жардам берип жатат. Эвакуацияланган балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн аларга окуу куралдары Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан берилди. Окуучуларга атайын мугалимдер дайындалып, убактылуу билимдерин улантуу үчүн сабактардын графиги түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE