Пример HTML-страницы

ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы Ферганага иш сапары менен барды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы атайын иш сапар менен Ферганага барды. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОшТУ Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалы жана Фергана политехникалык институту менен келишим түзгөн.

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж. Мамытов, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, ОшТУнун профессору Ш.М.Сайдаматов, маалыматтар технологиялары жана башкаруу кафедрасынын башчысы, профессор А.Ж.Сатыбаев, гуманитардык-технологиялык колледждин окутуучусу У. Элчибеков Фергана политехникалык институтунун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору З. Хамракулов, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Н.Исмоилов жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы М. Тохиров менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушууга аталган институттун профессордук-окутуучулук курамы дагы катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле Ш.М.Сайдаматов, А.Ж.Сатыбаев, У. Элчибеков семинар-тренингге катышып, кызуу талкуулар болду. Эки элдин материалдык жана руханий маданияты туурасында лекциялар өтүлдү. Фергана политехникалык институнун профессордук- окутуучулар жамаатына кыргыз элинин материалдык жана руханий маданияты туурасында У.С.Элчибеков лекция окуду.

Иш сапар 4-февраль күнү Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалында уланып, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов жана ТАТУнун ректору Ф.Мухтаров , илим проректору Б.Полвонов ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар келишимдерге кол коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE