Пример HTML-страницы

Ошто аялуу жана аз камсыз болгон 50 үй-бүлө жардам катары 100 миң сомдон ала алат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Социалдык келишим» долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадыяров, социалдык органдардын жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эми Ош шаарынын 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 50 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн ссуда катарында ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом социалдык жардам берүү каралган.

Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр категориясынан чыгышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE