Пример HTML-страницы

Ошто 26 жаштагы кыз операциядан кийин өлүмгө дуушар болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында операция жасаткан кыз каза болуп калган. Ага операция жасаган эки дарыгердин иши сотто каралды.

Айыпталуучу Талгат (аты өзгөртүлдү, Т.З.А.) 1959-жылдын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында туулган. Жогорку билимдүү, профессор, үй-бүлөлүү. Ош шаарындагы №1 хирургия бөлүмүнүн башчысы, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу Кадыр (аты өзгөртүлдү, К.А.А.) 1988-жылы Ош шаарында туулган, жогорку билимдүү, хирург дарыгери, мурда соттолгон эмес.

Эки айыпталуучуга тең Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 152-беренеси (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Талгат Ош шаардык ооруканасынын 1-хирургия бөлүмүнүн башчысы кызматында, ал эми Кадыр хирург болуп иштеп турганда кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес. 2020-жылдын 8-августунда саат 16:00 чамасында 1994-жылы туулган Дамира (аты өзгөртүлдү, Ш.Д.Б.) Ош шаардык ооруканасына кайрылган учурда ага «острый аппендицит с генерализованным перитонит» диагнозу коюлуп, аталган дарыгерлер операция жасашкан.

Бирок операция жасоонун алдында бейтаптын ампицилин жана көпчүлүк дары-дармектерге аллергиясы бар болгондугуна карабастан, антибиотикалык профилактика жүргүзбөй операция жасашкан. Ал эми операция учурунда сокур ичегини алып, ич көңдөйүндөгү ириңди натрий хлориди (физраствор) менен тазалап жуушкан. Талапка ылайык, антисептикалык аралашма менен жууп-тазалоо зарыл. Андан сырткары жатындын түтүкчөсүндө ириң бар экенин көрүп, бирок гинеколог дарыгерден кеңеш албай же ириң пайда болгон жерди алып салып, ириңдин көбөйүүсүн алдын алышкан эмес.

Ошондой эле Талгат менен Кадыр кызматтык милдеттерине ылайык бейтап баянын туура толтуруулусун, ага суюктук дарыларды рационалдуу түрдө берилүүсүн көзөмөлдөбөй, андан сепсис дартын аныктабай, тийиштүү деңгээлде дарылашкан эмес.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, бейтап сепсис, септикалык шокко кабылып, канга инфекция түшүп, дененин иммунитети инфекцияга каршы күрөшүүгө туруштук бере албай, 2020-жылдын 10-августунда каза болгондугу аныкталган.

Ош шаардык сотунун 2022-жылдын 22-мартындагы өкүмү боюнча Талгат менен Кадыр алардын аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.

Бул өкүм менен макул болбой жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда биринчи инстанциядагы сот кызы айыпталуучулардын шалаакылыгынан каза болгонуна көңүл бурбастан, аларды мыйзамсыз жана негизсиз актаганын көрсөткөн. Анткени дарыгерлер тарабынан кызына алдын ала текшерүү жүргүзүлбөй, чоң дозадагы «Метрид» тамчылатма ийне аркылуу сайылган. Андан кийин кызынын абалы начарлап кеткен. Инфекционист дарыгер «диарея болуп жатат, аппарат алып келем» деп, ошол бойдон келбей койгон. Узак убакыттан кийин дене табы 40 градуска көтөрүлүп, кан басымы 70/41 болуп, 2020-жылдын 10-августунда саат 01:30 чамасында каза болуп калган. Ал Ош шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, айыптоо өкүмүн кабыл алууну сураган.

Ошондой эле жогорудагы өкүм менен макул болбой, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Т.С. апелляциялык сунуш менен кайрылган. Анда дарыгерлер бейтапка операциянын жүрүшүндө 3 аракет жасаганын көрсөткөн. Биринчиси, сокур ичеги кесилип алынган. Экинчиси, жамбаш сөөгүндө инфекциялык ири аныкталып, ириңди сыгып алышкан жана кайра тигип коюшкан. Үчүнчүсү, жатындын түтүкчөлөрүндө ириң алынган. Алар бейтаптын жыныстык органдарында (жатын жана анын түтүкчөлөрүндө) ириң бар экенин көрүп туруп, ошондой эле операцияга чейин медикаментоздук аборт жасалгандыгынан кабары бар туруп, гинеколог-дарыгердин жасай турган жумушу боюнча ага кабар бербей же консультация албай, өздөрү ириңди алып, кайра тигип коюшкан. Прокурор дарыгерлер бейтапты ириң менен таштап коюшкандыктан ал көбөйүп, операциядан кийин алсыз организм өз алдынча күрөшө албай, бейтап өлүмгө дуушар болгонун көрсөткөн.

Ал Ош шаардык сотунун актоо өкүмүн жокко чыгарып, Талгатты 2 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектен укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратууну, Кадырды 2 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектен укугунан ажыратуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын берүүнү сураган.

Жыйынтыгында Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 18-сентябрдагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун 2022-жылдын 22-мартындагы өкүмү жокко чыгарылды.

Талгат менен Кадыр Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренеси боюнча куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE