Пример HTML-страницы

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин арасында сармерден оюну өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-июнда Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат.

Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Фарида Арзыкулованын айтымында, бир катар медициналык кызматкерлер сыйланды.

«Июль айынын биринчи жумалыгында жыл сайын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Быйыл Курман айт майрамына байланыштуу бир аз эрте өткөрүп жатабыз. Ош шаарындагы медицина кызматкерлери өз күчтөрү менен сармерден оюнун өткөрүүдө. 22 медициналык мекемеден айымдардын жана мырзалардын командалары, ошондой эле калыстар тобу түзүлдү», — деди ал.

Медицина кызматкерлерине Ош шаардык мэриясынан 50, Ош шаардык кеңешинен 18, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 30 ардак грамота тапшырылды.

Ош шаары боюнча жалпы 3500 медициналык кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE