Пример HTML-страницы

Ош шаарында мас абалда унаа башкарып бараткан тергөөчү токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында унаасын мас абалда башкарып бара жаткан тергөөчүгө протокол түзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө мас абалда унаа башкарып бара жаткан Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү М.А.С жол тескөөчүлөр тарабынан токтотулган.

«Мас экендиги аныкталып, ага Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин негизинде (мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

——————————————

Кыргызстандын аймагында 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар 1 жылдан 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратыла турган мыйзам күчүнө кирди.

Мисалы, буга чейин КР Укук бузуулар кодексинин 193-беренеси боюнча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Мындан ары мас айдоочулар унаа башкаруу укугунан 1 жылдык мөөнөткө ажыратылат.

Жаңы эрежелер инфаграфикада:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE