Пример HTML-страницы

Ош шаарында биринчи жолу муниципалдык күрөш залынын курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында биринчи жолу муниципалдык күрөш залынын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ош шаарында муниципалдык күрөш залы болгон эмес.

«Күрөш залынын узундугу 35,9 метр, туурасы 18 метр. Зал бардык шарты менен курулат. Кыздар жана балдар үчүн жуунучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, кийинүүчү жайлар, машыгуу жайлары, көрүүчүлөр үчүн орундуктар да каралган. Буйруса кийинки жылдын май айында пайдаланууга берүү каралып жатат. Каржылоо республикалык бюджеттен каржыланууда. Тендерде «Гранд Сити» ЖЧКсы уткан. Долбоордун баасы 33 млн сомду түзөт», — деди Пайзиев.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Гранд Сити» ЖЧК 2020-жылы 27-февралда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Бактыяр уулу Айбек көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE