Пример HTML-страницы

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жогорку окуу жайлардын спорттук чемпионаты башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2024-жылдын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын чемпионаты башталды.

Маалым болгондой, окуу жайда чемпионаттын ачылуу аземи өткөрүлүп, ага өлкөбүздөгү 15 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү жана студенттери катышып, уюштуруучулар тарабынан куттуктоолор айтылды. Иш-чара спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү боюнча Жаштык дирекциясы тарабынан өткөрүлүп, катышуучулар тогуз коргоол, стол тенниси, бокс, кыргыз күрөш, шахмат оюндары боюнча кызуу мелдеш курушууда. Аталган чемпионат жалпысынан спорттун 16 түрү боюнча уюштурулуп, анын ичинен 5 түрү Ош шаарында өтүп жатат. Мелдеш 26-марттан 1-апрелге чейин уланмакчы.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте уюштурулууда. Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгон командалар диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE