Пример HTML-страницы

Орто-Сырттагы абалга кабатыр болгон ак-талаалыктар акимиатка чогулушту (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдына Орто-Сырттагы кырдаал боюнча 10-15 чакты адам топтолду.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирген маалымат боюнча, бүгүн, 5-майда саат 10:30-11:00 чамасында Байгөнчөк айылынын бир нече тургуну чогулган. Алар Орто-Сыртка барчу жол ачылбагандыгын, ал жакта мал ачка калганын айтып, жолду ачууну талап кылышты. Жашоочулар менен акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жолугуп, кырдаал боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, ашуудагы жолдун Сары-Кайкыга чейинки тилкеси тазаланган. Сары-Кайкыдан ары жагы тоң муз болгондуктан техниканын күчү жетпей жатат. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тобу жана жол тейлөө мекемесинин кубаттуу техникасы менен жолду ачуу аракеттери кайрадан башталганын кошумчалады.

Саат 14:00 чамасында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси, куткаруу тобу, акимдин биринчи орун басары У.Жылтыров жол тейлөө мекемесинин кубаттуу техникасы менен Орто-Сырт чөлкөмүнө жөнөп кетишти.

Буга чейин Орто-Сырт чөлкөмүнө барчу жол ачылбай, ал жактагы малчыларга тоют жеткириле электиги айтылган.

2-майда аба ы­райы кескин өз­гөрүлүп, болжол менен саат 13:30-14:00 чамасында кар аралаш жамгыр жааган. Ал эми жергиликтүү жашоочулардын айтымын­да, Орто-Сырт чөлкөмүнө бери дегенде 30-40 сантиметр кар жааган. Ал чөлкөмдөгү малчылар мал оттой албай калгандыгын айтып, Орто-Сырттын жолун кардан тазалоону жергиликтүү бийликтен, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суранышкан.

3-май күнү район акими Жумадилла Жапаров тиешелүү кызматтын өкүлдөрү 1 жүктөгүч менен жолду ачып берүүгө чыгып кетишкендигин жана Мэлс-Ашуунун жолу тазаланып жаткандыгын, жол ачылары менен малчыларга тоют жеткирилерин билдирген болчу. Бирок малчыларга жана малга сарсанаа болгон айрым мал ээлери бороондо, туманда колуна таяк кармап, калың карды жиреп, аска-зоону аралап кетип бара жаткан учурда тартылган видеолор тарап жатат.

4-май күнү Орто-Сырт чөлкөмүнө барып келген Байгөнчөк айылынын тургуну Султанбек Жумакадыров жол толук ачылбагандыгын айтты.

«Кечээ бул жактан жол ачууга баргандар жолду толук ачпай, кетип калышыптыр. Сары-Кайкынын кырына чейин ачышыптыр. Бүгүн барышса, толук ачып коюшмак. Бирок, бүгүн барышкан жок. Ары жагында 200-300 метр аралыктагы көйгөйлүү жол бар. Ошол жерин ачып берип коюшса, андан ары унаа жүрө алмак. Ал жактагы малчыларга тоют жеткирбесек, мал ачка калды. 2 суткадан бери ачка. Тоонун анча-мынча ачылган беттерине айдап, оттотуп жатышкан. Бүгүн кайра кар жаап жатат. Абал чатакка айланып кетет. Ал жакта 1500дөй майда жандык, 700дөй бодо мал бар экен. 5-6 үй-бүлө бар. Бүгүн 3-4 тургун түйүнчөктөрүн жонуна асынып алып, калың карды жиреп, жөө кетишти. Жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, жол тейлөө мекемеси дегендерден дайын барбы? Абалга дагы баа берип коюшкан жок. Мен барып, көрүп келген киши катары айтып жатам. Ал жактагы малчылар эч нерсе талап кылган жок. Болгону жолду ачып, сүрдүрүп берип коюшса болмок деп суранып жатышат. Мал ээлери жолду ачып берип коюшса, тоютту өзүбүз эле жеткирип берет элек деп жатышат.

Мына, дагы кар жаап жатат. Ал жактагы малчылар эмне болот, мал эмне болот? Кыскасы, абал оор», — деген С.Жумакадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE