Пример HTML-страницы

Ноокаттагы «Додон» орто мектеби 15 миллиондон ашуун сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Додон айылындагы орто мектеби окуу жылдын алтынчы айында мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү баштады. Бул маалыматы аталган мектептин диретору Чолпонай Жолдошова ырастады.

Анын айтымында, мектеп 1988-жылы ашар жолу менен курулган. Буга чейин сырдоо иштери жүргөнү менен 35 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Долбоордун жалпы сметалык баасы 15 млн 350 миң сомду түзөт.

«Бул мектеп ашар жолу менен курулган. Бөлмөлөр караңгы, дубалдары көктөп, полдору чирип кеткен, чатырынан суу өтөт. Бишкектен атайын комиссия келип текшеришип, беш этап менен карап чыгышты. Бул боюнча ата-энелер менен жыйын өткөрүп, алардын макулдугу менен ар бири кол коюп, демөөрчүлөргө жөнөткөнбүз. Сентябрга карата мектеп жаңы оңдоодон өткөрүлүп бүтөт», — деди мектеп директору.

Ушул тапта окуучулар коңшу айылдагы бир чакырым алыстыктагы мектепке кичи автобус менен каттап окуй башташты. Жол киреге ар бир окуучудан 10 сомдон алууга алдын ала сүйлөшүүлөр болгон.

«Азыркы тапта балдар бир чакырым алыстыктагы башка мектепке барып окуп жатышат. Машруттук каттамдардын акысын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бир чакырым алыстыктагы Бостонбаев атындагы мектепте мугалимдер окуучулар менен барып келип окуп жатабыз. Ал жактагы мектеп эки кабат болуп, бардык талаптарга жооп берет», — деди Чолпонай Жолдошова.

Бүгүнкү күндө аталган мектепте 270 бала билим алат. Негизинен мектеп 220 балага ылайыкташтырылып курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE