Пример HTML-страницы

Ноокатта 800дөн ашык дарак кыйылып, 4 адамдын сөөгү жайынан жылдырылды (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунун Ноокат районундагы тилкесиндеги 13 чакырымын оңдоо иштеринин жүрүшүндө 816 бак-дарак кыйылды. Бул тууралуу райондук экологиялык көзөмөл кызматынын инспектору Эгеняр Мирзалиев билдирди.

  • Ош—Баткен—Раззаков үчүнчү категориядагы эл аралык маанидеги жол болуп эсептелинет.

Анын айтымында, кыйылган бактардын алды 20-25 жылдык дарактар. Ноокат шаарын аралап өткөн жол четиндеги чоң чынарлар июнь айына кыйыла турганы пландалып жатат.

«Учурда 47 километрден болгону 13 километри оңдолуп жатат. Бул Зулпуев, Мирмахмудов, Гүлистан айыл өкмөттөрүндө. Жаңы Ноокаттын бир тарабы кирип кетет. Жол оңдолуп бүткөн соң жолдун 1 метр 70 см жээги долбоор боюнча көрктөндүрүүгө берилет. Ошол жерге кайрадан бак-дарактар отургузулат. Булардын баары келишимде көрсөтүлгөн», — деди Мирзалиев.

Мирзалиев андан сырткары Ноокат районундагы Гүлистан айыл аймагына караган мүрзөдөн 4 адамдын сөөгү башка жакка жылдырылганын кошумчалады. Алар 25 жыл мурун жерге берилген. Жакындары жана дин кызматкерлеринин макулдугу менен башка жайга жылдырылды.

Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун Ноокат районундагы оңдоого муктаж болгон жалпы 47 чакырымында 2 миңден ашык бак-дарак кыйылышы мүмкүн.

———————————————

2023-жылдын 1-мартында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун участокторун (28 км-35 км, 41 км -47 км) капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталган.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №37 жол тейлөө ишканасынын күчтөрү жолдун 33+800-чакырымынан 34+000-чакырымына чейин (сол тарабында) жараксыз топурактарды казуу үчүн таштанды төгүүчү жайга чейин казууга киришкен.

«Ошол эле учурда Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүн реабилитациялоо компоненти боюнча эл аралык консультант тарабынан сунушталган долбоорду ишке ашыруунун графиги сакталса, анда эл аралык жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча (КР) -Р4) подрядчы менен келишим 2023-жылдын 4-кварталында гана түзүлүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу долбоорго уруксат пакетин даярдоо жана учурдагы сезондун башталышы менен курулуш иштерин баштоо боюнча бардык процедураларды тездетүү боюнча иш-чаралардын планын кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл болду», — деп айтылган маалыматта.

———————————————

Буга чейин Ош—Баткен—Раззаков (мурунку Исфана) унаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн аймактарынын боюндагы кызыл сызыкка чыккан курулуштарды жылдыруу иштери башталганы маалымдалган.

Ноокат районунун жашоочулар менен болгон жолугушууда аким Данир Иманалиев Ош—Баткен унаа жолунун 47 чакырым тилкеси оңдолорун, бул аймакта 52 объект кызыл сызыкта экенин билдирген болчу.

———————————————-

Turmush басылмасы Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары жолдорду оңдоону талап кылып, нааразычылык акциясына чыкканын жазган. Маалым болгондой, 50гө чукул адам топтолуп, Ош—Баткен жолунун Ноокат районундагы тилкесин оңдоону жана элге жер тилке берүүнү талап кылышкан.

  • 2021-жылы сентябрь айынын ортосунда Транспорт жана жолдор министрлиги «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 28-чакырмынан баштап 74-чакырымына чейинки тилкеси оңдоло турганын маалымдаган. Бул иштер үчүн жалпы 13,642 млрд йен (133,58 млн доллар) каралган. Анын ичинен 11,915 млрд йен (116,47 млн доллар) Япониянын өкмөтү тарабынан жеңилдетилген шартта насыя катары берилсе, 1,727 млрд йен (16, 88 млн доллар) кыргыз тараптын үлүшү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE