Пример HTML-страницы

Нарында милиционерлер өспүрүмдөргө сууга түшүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын райондук милициясы көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда айыл жергелеринде ата-энесинин көзөмөлү жок агын суу, көлмө, каналдарга түшкөн жаш өспүрүмдөр ар кандай кырсыктарга кабылып жатышат. Нарын РИИБдин жетекчилиги тарабынан Хутор жана Ак-Талаа айылындагы жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерине профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чоң агын суулардын жээктерине эскертүү такталары орнотулду.

Мындан сырткары Нарын районунун Жан-Булак айылында милициянын көчмө кабылдамасы жеринде дин боюнча айыл тургундарына жана башка жактардан келген дааватчыларга мыйзамдуулукту түшүндүрүү боюнча иш алып барылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE