Пример HTML-страницы

Нарын шаарында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-октябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында ишкерлер нааразычылык акциясына чогулуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жеке ишкер Асылбек Орозобаевдин айтымында, чогулгандар көзөмөл-кассалык аппараттарын жокко чыгаруу талабы менен чыгышкан.

«Өкмөт киргизген көзөмөл-кассалык аппаратка каршыбыз. Анткени андан алынган төрт пайыз өтө эле көп. Же 0,5 пайызга түшүрсүн. Ошон үчүн чогулуп жатабыз. Азыр дагы адамдар келишет», — деди ал.

Шаардын борбордук аянтында болжол менен элүүдөн ашык адам чогулду. Алар менен Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жолугуп, жыйындар залында сүйлөшүүгө чакырды. Бирок эл ага макул болгон жок.

Андан кийин Канболот Тутуев бул маселени жогорку жакка жеткирерин айтты.

Эске салсак, жаңы Салык кодексинин 128-беренесине ылайык, Кыргызстанда бардык субъектилер накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE