Пример HTML-страницы

Мыкты аталган тайпаларга баалуу белек тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде «Аярлуу да, ажарлуу да алтын күз» аталышындагы күз жармаңкеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара колледждин жаштар комитети менен биргеликте дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жамааты жана 1-курстун тайпалары катышты.

Жармаңкеде катышуучулар жобого ылайык күз берметин чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды стол үстүнө жайышты. Бул менен бирге күзгү мода көргөзмөсүн тартуулашып, жагымдуу чыгармаларды аткарышты.

Ал эми калыстар тобу ар бир тайпанын чыгармачылыгына, даярдыгына карата упай берип, жыйынтыгында эң мыкты 3 тайпага байгелүү орундарды ыйгарышып, диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE