Пример HTML-страницы

Мугалим Бардакүл Качканакова Чыңгыз Айтматов чыгармасына каарман кылган адамдын кызы

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Кеңеш айылынын 69 жаштагы тургуну Бардакүл Качканакова Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы мугалим Дүйшөндүн кызы. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ата жолун жолдоп өзү да мугалим болгон.

«Мен Таластын Арчагул айылында туулгам. 1961-жылы Көк-Сай орто мектебин аяктап, 1975-жылы В.Маяковский атындагы педогогика институтунун математик мугалим адистигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагам. 1975-жылы Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектебинде эмгек жолум башталды. Эң биринчи күнүмдө 1-сентябрь күнү эле, анда орус улутундагы адамдар көп иштечү. Ал жерде тазалыкты караган орус эжелер бар эле. Мектепке кирип бара жатсак биринчи мугалимдерди киргизүү тартиби бар эле. Мугалимдерди киргизип жатышкан экен. Мен да кирип бара жатсам «кое тур» деп койду. Мен да макул болуп калып калдым. Сыртта күтүп, кийин окуучулар менен чогуу кирдим. Анда алар мени окуучу кыз экен деп ойлошуптур (күлүп).

Жаш кезимде тартынчаак элем. Өз оюмду кенен айта алчу эмесмин. Жаңы иштеп келген учурумда 11-класс деген жок эле. 8-9-10-класстын окуучуларына сабак берчүмүн. Экзамен учурунда окуучуларыңа аябай күйөт экенсиң. Аларды кандай тапшырып жатат деп көп ойлонуп калат экенсиң. Окуучуларымдын көптөрү эле жогорку окуу жайларында билим алышты. Ал учурда контракт менен окуу деген жок эле. Окуучуларымдын бири райондук ооруканада терапевт болуп иштейт. Ал аябай жакшы окуучу. Химиядан экзамен тапшыруу учурунда мугалимдер карап турабыз да, ал бардык билген билимин унутуп калып жатканын айтты. Ушундай учурларда өзүң да аябай толкунданасың.

Окуучуларымды азыркы кезге чейин эстейм. Окуучулар менен өткөн кызыктуу учурларыбызды эстеп, күлүп калам. 20 жыл математика мугалими болуп, 5 жыл окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, 15 жыл мектеп директору болуп иштедим. Учурда ардактуу эс алуудамын», — деди ал.

Каарманыбыз 5 баланын апасы.

«Жолдошум айдоочу болуп эмгектенген. Кийин унааларды оңдоочу уста болуп иштеди. Азыр пенсияда. 3 кыз, 2 уулубуз бар. Бардык уул-кыздарыбыз жогорку билимдүү. Бири экономист болсо, мугалим, токой чарба инженери, милиционер сыяктуу кызматтарды тандашкан. 19 неберебиз бар», — деди ал.

Бардакүл апа атасы жөнүндө эскерди.

«Атам Дүйшөн өмүрүн эл агартууга арнады. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөндүн прототиби менин атам Качканаков Дүйшөндөн алынган. Биз Шекер айылына жанаша айыл Арчагул айылынан болобуз. Атам менен аябай сыймыктанам. Бирок ал эрте каза болуп кеткен. Атам чыгарманы «Бул мен жөнүндө гана эмес. Ошол учурдагы кыргыздардын башынан өткөн окуялар жөнүндө жазган. Ырас, мен 7-класстан баштап иштегем. Бирок башкаларга мен жөнүндө жазып жатат деп айтпагыла. Бул ошол кездеги мугалимдердин жашоосу тууралуу жазып жатат» дечү. Ал төшүн какпаган киши болчу.

Мени «биринчи мугалимдин кызы» десе сыймыктанып калат элем. Кыргыз Республикасынын «Ардактуу атуулу», «Мээримдүү эне», «Улут сыймыгы» деген наамдарды алгам», — деди мугалим апа.

  • Бардакүл Качканакова 2020-жылдын 20 январында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «Эмгек сиңирген мугалим» төш белгисин алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE