Пример HTML-страницы

Москва районунда жыл башынан бери 15 жол кырсыгы катталып, 19 жаран жаракат алган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда 85 күндө (1 январынан 25-мартка чейин) 15 жол кырсыгы катталып, 19 жаран жаракат алган. Бул тууралуу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

«Райондо жол тескөөчүлөр тарабынан ар түрдүү рейддер өтүп, айдоочуларга, балдарга, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок, тилекке каршы үстүбүздөгү 2024-жылдын 1-январынан 25-мартына чейин 15 жол кырсыгы катталып, 19 жаран жаракат алды. Алардын ичинде мектеп окуучулары да бар. Петровка, Беловодск, Садовой жана Александровка айылдарында мектептер унаа жол боюна жакын жайгашкан. Ошондуктан жол эрежелерин сактоодо балдарга лекциялар өтүп, мугалимдер менен биргеликте иш алып барылууда. Ал эми каникул учурунда жаш балдардын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу унаанын айдоочуларына, такси кызматындагыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди райондук ЖКККБ.

Өткөн 2023-жылдын 1-январынан 25-мартына чейин 20 жол кырсыгы катталып, 32 адам жаракат алган. Бул сандык көрсөткүч өткөн 2023-жылга салыштырганда 5 жол кырсыгына азайган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE