Пример HTML-страницы

Манас районунда өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча облустук турнир өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush21-майда Манас районунун Кайыңды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Усубалы Туракеевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча жаш өспүрүмдөр арасында Талас облустук турнир болуп өттү.

Турнирге Талас районунан 4 команда, Талас шаарынан 3 команда, Бакай-Ата районунан 2 команда, Манас районунан 3 команда, Кара-Буура районунан 1 команда, жалпы 180 катышуучу катышты.

Жеңүүчүлөр:

1-орун — Талас шаары;

2-орун — Манас району;

3-орун — Бакай-Ата району;

4-орун — Талас району;

5-орун — Кара-Буура району.

Жеңүүчүлөр эстелик медалдар, грамоталар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE