Пример HTML-страницы

Лейлекте аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Лейлек районун Ак-Арык айылынын 31жаштагы тургуну (келин) милицияга кайрылып, 34 жаштагы С. аттуу күйөөсү спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп-тепкилеп зомбулук көрсөткөнүн билдирип арыз жазган. Бул арыз Лейлек РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жабырланган аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, ага зомбулук көрсөткөн жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE