Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда мэрдин балаты майрамына 200 окуучу катышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-декабрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэринин балаты майрамы болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага окуудагы мыкты жетишкендиктери менен үлгүлүү болгон 100 бала жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100 бала катышты.

Балдарга арналган балаты майрамы №2 Кыргызстандын 50-жылдыгы жана №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектептеринде уюштурулду. Балаты майрамынын катышуучуларын Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, шаардык социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Мэрдин балаты майрамы шаарда жыл сайын уюштурулуп келет. Ага алдыңкы окуучулар чакырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE