Пример HTML-страницы

Кулагы шылынган кыз, колу кескиленген бала: Айылдагы жүрөк титиреткен окуялар (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында оор жаракат кылган 2 балага операция жасалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12 жаштагы кыздын кулагын отун аралаган электр арасы кесип кеткен. 9 жаштагы бала чөп майдалап жатып электр шайманга колу кирип кеткен. Аларга операция жасалып, учурда абалдары жакшы экени айтылды.

«30-декабарь күнү биздин ооруканага 12 жаштагы кыз түштү. Ал агасы менен отун кесип жатып агасы электр ара менен кокусунан кулак тушун кесип алыптыр. Кулак калканы, сол бет, кулактын артындагы чыкый сөөккө чейин жеткен. Кызды эртең, 9-январда үйүнө чыгарабыз.

Экинчи 9 жаштагы бала Ноокат районундагы Гүлистан деген айылдан түшкөн. Ал чөп майдалаган электр жабдыкка жүгөрүнүн сотолорун майдалап жатып колу кирип кеткен. Азыр баланын абалы жакшы. Колу мурдагы абалына толук кандуу келет деп айтуу кыйын. Бирок организм иштеп кетсе калыбына келиши мүмкүн. Бирок кол косметикалык мүнөздө сакталып калса дагы жакшы. Себеби баланын колу ампутация боло турган кол болчу. Биз колун сактап калуу аракетин көрдүк», — деди алар.

Дарыгердин айтымында, өткөн 2023-жылы ушундай үй тиричилигинде пайдалануучу электр аппараттарын колдонуп жатып колунан жаракат алган 3 бала кайрылган. Алардын бирөөнүн колу толук ампутация болгон. Бирөөнүн жабыркаган бармактары сактап калынган. Үчүнчүсүнүн жараты анча оор эмес болгон.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE